24-сентябрь күнү кечинде Берлиндин борборунда жүздөгөн кишилер чогулуп, фашизмге жана "Германия үчүн альтернатива" партиясына каршы чакырыктарды англис жана немис тилинде айтып жатышты.
Немис канцлери Ангела Меркел өзүнүн тарапташтарын жеңиши менен куттуктаган соң, улутчулдардын партиясы үчүн добуш бергендердин да пикири эске алынарын маалымдады. 24-сентябрдагы шайлоодо 13% шайлоочулар улутчулдардын "Германия үчүн альтернатива" партиясына добуш берип, ашкере оңчул партиянын Дүйнөлүк экинчи согуштан бери алгачкы жолу Бундестагга кирүүсүнө жол ачып берди. Бул партия Ангела Меркелди миграция саясаты үчүн айыптап келет.
Германияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала (экзитпол) жыйынтыктарына ылайык, канцлер Ангела Меркел жетектеген саясий биримдик добуштардын 33 пайызын алып, биринчи орунга чыкты.
Канцлердин Христиан-демократтар партиясы бул жолку шайлоого Бавариянын Христиан-социалдык партиясы менен чогуу катышты.
Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы добуштардын 20 пайызына ээ болду. Шульц тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, шайлоодо утулганын моюнга алды. Ал өз партиясы оппозицияга кетерин жарыялады.
Экзитполдун жыйынтыгы боюнча, Эркин демократиялык партия 10,5%, Жашылдар партиясы 9,5%, Солчулдар партиясы 9% добуш топтошуп, 5 пайыздык босого чектен өтүштү.
Эми Ангела Меркел жаңы коалиция түзүшү керек болот.