Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Бүгүнкү сот жараянында Аида Салянованын адвокаттары жарыш сөзгө чыгат. Ошондой эле айыпталуучунун өзүнө акыркы сөз берилет.

22-сентябрдагы акыркы соттук териштирүүдө Аида Салянованын коомдук жактоочулары жарыш сөзгө чыгышкан. Судья Кубанычбек Касымбеков коомдук коргоочуларды ишти создуктурууга аракеттенип жатышат деп айыптаганы үчүн коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Мамлекеттик айыптоо ага каршы чыккан. Сот ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн четке каккан.

22-сентябрдагы соттук процесске акыйкатчы Кубат Оторбаев да катышкан.

Мурдагы баш прокурор, учурда Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган кезинде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда. Прокуратура Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну сураган.

Аида Салянова өзү бул ишти саясий куугунтук деп белгилеп келет. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG