Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:57

Шыкмаматовдун сотунда айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берет


Алманбет Шыкмаматов.

Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматовдун соту уланат. Анда мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү көрсөтмө беришет. Бул тууралуу Шыкмаматов өзү "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бүгүнкү сот жараянында прокурордун күбөлөрү көрсөтмө берет. Буга чейинки жараяндарда мен айыпталып жаткан иш боюнча тендердик комиссиянын мүчөлөрү көрсөтмө берип, тендерге менин тиешем жоктугун, тендер мыйзамдуу өткөндүгүн айтып беришкен.

Бир айлык тыныгуудан кийин 19-сентябрга белгиленген сот процесси айыптоочу тараптын күбөлөрү келбей калганына байланыштуу 25-сентябрга жылдырылган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.

Оппозиционер саясатчы Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, "саясий куугунтук" деп атап келет. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG