Жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүп, таштандыга ыргытканы үчүн колго түшкөн эне Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында асынып өлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 23-сентябрда катталган.
14-сентябрда борбордогу таштанды кутуларынын биринен жаңы төрөлгөн ымыркайдын күч колдонулуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Ленин райондук милициясынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 30 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн. Тергөөдө кармалган жаран ымыркайдын энеси экени аныкталып, адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. (UEz)