Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Кыргызстанда 700 жоокер ант берди


Аскерлердин ант берүү аземи
Аскерлердин ант берүү аземи

Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарындагы чек ара башкармалыктарында кызмат кылууга келген 700 аскер ушул ишемби-жекшемби күндөрү ант берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ант берүү аземине жаш аскерлердин ата-энелери, чек ара бөлүмдөрдүн башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер катышты. Салтанатка чейин жоокерлер аскердик кызмат боюнча сабак алышкан. Билдирүүдө айтылгандай, алардын көпчүлүгү буга чейин орто жана жогорку билим алган жигиттер.

Кабыл алынган аскерлердин 310ну Айдаркенде, 324тү Ошто жана 81 Караколдогу бөлүмдөрдө аскердик кызмат өтөшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG