Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

УКМК: эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды


Террорчу деп шектелген Кыргызстандын жараны
Террорчу деп шектелген Кыргызстандын жараны

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл аралык террордук уюмдун мүчөсү делген Кыргызстандын жаранын колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Тергөөдө белгилүү болгондой, 1995-жылы туулган кыргызстандын жараны чет жерде жүрүп, Кыргызстандан адамдарды жана медициналык жабдууларды Сирияга жөнөтүү аракеттерине кол кабыш кылган. Ал жоочулардын С.Мухтаров (каймана аты “Абу Салох”) аттуу жетекчисинин көрсөтмөсү менен террористтик аракеттерди уюштурууга жардам берүү үчүн ушул жылдын март айында Кыргызстанга келген.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 226-4 беренеси (чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу чыр-чатактарга катышуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG