Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Зилалиев: ГЭС курууга индиялык жана кытайлык инвесторлор кызыкдар


Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган.
Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган.

Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди курууга кытайлык жана индиялык инвесторлор кызыкдар болууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кытайлык жана индиялык инвесторлор ГЭСтерди куруу боюнча өкмөткө кат аркылуу расмий кайрылышкан.

Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен түзүлгөн келишимди 18-сентябрда жокко чыгарган. Буга "Лигласстын" макулдашылган 37 миллион долларды убагында төлөбөгөнү, ГЭС курууга акчасы жок экени себеп болгон. Кийин "Лигласстын" өкүлдөрү тендерге катышуу үчүн 1 млн 147 миң доллар төлөгөнүн, аны кайтарып алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрыларын билдирген. Өкмөт келишим боюнча аталган акча казынада каларын айткан.

Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган. Курулуш иштери создукканда кыргыз өкмөтү ал келишимди да бир тараптуу жокко чыгарган. “РусГидро” баштапкы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды кайтарып алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрыларын билдирүүдө. Кыргыз бийлиги болсо бул суммадан шектенип, эл аралык аудит жүргүзүүнү талап кылып келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG