АКШ бийликтери мамлекеттин аймагына кирүүгө чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин дагы кеңейтүү боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык, эми Чад, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сомали, Сирия, Венесуэла жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсү 18-октябрдан баштап катаалдашат. Түндүк Корея менен Сириянын жарандары таптакыр эле кире албайт.
Бул тууралуу АКШ президенти Доналд Трамп кол койгон буйрукка таянып, жекшембиде Ак үйдүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Билдирүүдө баяндалгандай, мындай чечимге бул өлкөлөрдүн жарандары тек жайын аныктоодо жана маалымат алмашууда чындыкка дал келбеген маалыматтарды берери жана “коопсуздук тобокелчилиги” бар экени себеп болгон. Эми Венесуэладан тышкары, жогорудагы өлкөлөрдүн жарандары турист катары АКШга кире алышпайт. Студенттерге жана атайын программа менен иштегени барган жарандарга гана виза берилиши мүмкүн. (ErN)