Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном аймагында расмий Багдаддын каршылыгына карабай көз карандысыздык боюнча референдум өтүп жатат. Эртең мененки саат 8:00дө Күртстандын аймагында 12 миң добушкана ачылды. Добуш берүү 12 саатка созулуп, алгачкы жыйынтыктар бир сутканын ичинде чыгат деп күтүлүүдө. Каттоодон өткөн 5,3 миллион шайлоочунун басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдойт деп болжонууда.
Жекшембиде Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади телекайрылуусунда күрттөрдүн референдумун мыйзамсыз жана тынчтык аракеттерине каршы келет деп атаган. Күрт автоном аймагынын лидери Масуд Барзани болсо референдум эгемендик сүйлөшүүлөрүндөгү биринчи кадам болуп калаарын айткан.
Өткөн аптада Ирактын Жогорку Соту референдумдун мыйзамдуулугу боюнча маселе чечилмейинче добуш берүүнү токтото туруу керек деген чечимге келген. Күрт референдумуна Түркия менен Иран да кескин каршылыгын билдирген.