Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Лавров: АКШ Түндүк Кореяга чабуул коё албайт


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Түндүк Кореяга чабуул коё албастыгын, буга расмий Пхеньяндын ядролук куралы себеп экенин билдирди. Ал Орусиянын НТВ телеканалында 24-сентябрда обого чыккан маегинде америкалыктар Түндүк Кореяда өзөктүк бомба бар экенин так билерин айтты.

"Мен Түндүк Кореяны коргогон жокмун. Мен болгону мындай анализге дээрлик бардык тарап макул экенин гана айтып жатам",-деди Лавров.

Сентябрь айынын башында Түндүк Корея жер алдында суутек бомбасын сынаган. Бул бомба АКШ Жапониянын Хиросима шаарына 1945-жылы таштаган атомдук бомбадан 16 эсе чоң деп кабарланган.

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө АКШ жана анын шериктерине чындап коркунуч жаратса, Түндүк Кореяны толугу менен жок кылууну убада кылган. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын президент Трамптын бул сөзүнүн кесепети оор болоорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG