Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Жапонияда чукул шайлоо жарыяланышы мүмкүн


Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ.
Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ саясий рейтинги өйдө болуп турган учурдан жана оппозициянын иретсиздигинен пайдаланып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялайт деп күтүлүүдө. Абэ дүйшөмбүдө маалымат жыйынын куруп, жаңы шайлоону 22-октябрга белгилей турганын жергиликтүү медиа бийлик партиясындагы жана өкмөттөгү булактарга шилтеме кылып кабарлашты.

Премьер-министрдин рейтинги июль айынан бери 30дан 50 пайызга көтөрүлдү. Буга анын Түндүк Кореянын тынымсыз аскердик сыноолоруна каршы позициясы көмөк көрсөттү. Оппозиция болсо Синзо Абэни жакын тааныштарын бийликке алып келди деп айыптап жатышат.

Жапонияны дээрлик алты жылдан бери башкарып жаткан Абэ 2012-жылдагы шайлоодо чоң жетишке жетишкен.

XS
SM
MD
LG