Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Өзбекстан накталай валюта алмашууга уруксат бергени турат


Өзбекстандын өкмөтү 1-октябрдан тарта биринчи жолу жарандарга чет өлкөлүк валютаны накталай сатып алууга уруксат берет. Мындай өзгөрүүнү премьер-министр Абдулла Арипов 23-сентябрда жарыялады.

5-сентябрдан тарта Өзбекстандын улуттук валютасынын курсун мурдагы президент Ислам Каримовдун тушундагыдай өкмөт эмес, акча базары аныктай баштаган. Ага ылайык, улуттук валюта девальвация болуп, бир доллардын наркы 4210 сумдан 8100 сумга чейин көтөрүлгөн.

Аны улай президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен чет өлкөлүк валютаны алмашууга да уруксат берилген. Бирок анда жарандар чет өлкөлүк акчаны накталай эмес, атайын карта аркылуу гана алышат деп белгиленген эле.

XS
SM
MD
LG