Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн” тынчтык жүрүшү өтөт


Жарандык активисттер буга чейин да административдик ресурска каршы бир катар акцияларга чыгышкан.
Жарандык активисттер буга чейин да административдик ресурска каршы бир катар акцияларга чыгышкан.

Бир нече жарандык лидерлердин жана коомдук уюмдардын демилгеси менен Бишкекте 30-сентябрда “Акыйкат шайлоо үчүн!” жалпы жарандык тынчтык жүрүшү өтөт. Бул тууралуу жүрүштүн демилгечиси, парламенттеги эркин депутат Жанар Акаев билдирди.

- Бул демонстрация биздин өкмөт административдик ресурска эч кандай чара көрбөгөндүгүнө нааразылык иретинде уюштурулууда. Бардыгы мыйзамдын чегинде, тынч мүнөздө болот. Бүгүн Бишкек мэриясына билдирүү менин колум менен тапшырылды. Элдин эркин эч ким майтара албайт, - деди Акаев.

Анын айтымында, жөө жүрүш түштүк дарбазадан башталып, 24-март скверине чейин уланат.

Жарандык активисттер буга чейин да административдик ресурска каршы бир катар акцияларга чыгышкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Буга чейин бийликтин талапкеринин пайдасы үчүн административдик ресурс колдонулуп жатканы боюнча арыз-даттануулар болгон. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткендеги сапары учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков ага эскертүү берип, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошоткон. Бирок 24-сентябрда бул маселени караган БШК Дүйшөнбек Зилалиевге мурдагыдан да катаалыраак чара көрүлүшү керек деген чечим кабыл алып, өкмөт башчыга сунуштады. (UEz)

XS
SM
MD
LG