Бул тууралуу Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчогул Ибраимов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, курулуштардын сейсмикалык туруктуулугу жана инженердик долбоорлоо боюнча мамлекеттик институт имаратты баштан-аяк иликтеп чыгып, өрттөнүп кеткен жети жылдан бери имараттын дубалдары дээрлик 80% жараксыз абалга кептелгенин аныктаган. Натыйжада адистер аны оңдоо максатка ылайык эмес деген жыйынтыкка келишкен.
Ушуга байланыштуу капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаардык мэриясына имаратты толугу менен бузуп, же сүрдүрүп салып, ордуна биротоло жаңы имарат курууга кеңеш берүүдө. Анын ордуна мэрия эмне курат жана качан курат кийин чечилмекчи.
Буга ылайык, мэриянын буга чейин имаратты оңдоо тууралуу тендери да токтотулат. Аны оңдоого шаар бийлиги 120 миллион сом караган. Бирок имарат жаңы курулса бул сумма мындан эки-үч эсе көбөйүшү мүмкүн.
Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат мурда Башкы прокуратуранын кеңсеси болчу. Ал 2010-жылы апрель ыңкылабында белгисиз адамдар тарабынан өрттөлгөн. Имарат Бишкек шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгына карайт. (ErN)