Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Апасы менен инисин баккан Айчүрөк эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү


The International Children’s Peace Prize сыйлыгынын номинанттары. Солдон оңго биринчи Айчүрөк Сулайманова.
The International Children’s Peace Prize сыйлыгынын номинанттары. Солдон оңго биринчи Айчүрөк Сулайманова.

Майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн базарда баштык жана картон кагазынын калдыктарын чогултуп иштеген Айчүрөк Сулайманова The International Children’s Peace Prize аттуу эл аралык абройлуу сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги “Centre for the Protection of Children” балдарды коргоо борборунун маалымат катчысы Бермет Иманалиева “Азаттыкка” билдирди.

Бул сыйлык балдардын укуктарын коргоого активдүү катышкан жана жаш жеткинчектерди юридикалык жактан агартууда албан ийгиликтерди жараткан өспүрүмдөргө KidsRights эл аралык уюму тарабынан жыл сайын берилип келет.

Айчүрөк Бишкектеги балдарды коргоо борборуна 2013-жылдан бери каттап, ал жерде өзү теңдүү балдарга оор турмуштан кантип чыгуу керектиги боюнча окууларды алып барып келет. Соңку бир жыл ичинде эле ал 400дөн ашуун балага тренинг өткөн.

Айчүрөк Сулайманова баспай калган майып энеси, 10 жаштагы иниси менен Ош базарына жакын жердеги жатакананын бир бөлмөсүндө айына 6 миң сом төлөп турушчу. Анын окуясын былтыр “Азаттык” жазгандан кийин, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, кызга жардам бергендер көбөйгөн.

Буга байланыштуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын атына банкта атайын эсеп ачылып, кийинчерээк демөөрчүлөрдүн көмөгү менен үй-бүлө бардык шарты бар батирге көчүрүлгөн. Батирдин акысын төлөп берген Human Appeal International кайрымдуулук уюму кийинчерээк акы төлөөдөн баш тартып, Сулаймановалардын үй-бүлөсү шарты жок батирге көчүп, Айчүрөк өзү кайра жумушка чыга баштаган. (ErN)

Айчүрөк: Окуу башталса, жумуш табуу кыйын болот
Айчүрөк: Окуу башталса, жумуш табуу кыйын болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:48 0:00

XS
SM
MD
LG