Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Сириядагы орус генералынын өлүмүнө АКШны күнөөлөдү. Рябковдун "орус командиринин өлүмү Американын эки жүздүү саясатынын кандуу кесепети" деген сөзүн 25-сентябрда РИА-Новости баштаган орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги генерал-лейтенант Валерий Асапов Сириянын Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы согушкерлердин минометтук аткылоосунан каза тапканын ырастаган.
Рябковдун соңку билдирүүсү Сириянын чыгышында Орусия колдогон күчтөр АКШ машыктырып, жабдыган күчтөргө жакын келген учурда жасалды. Эки өлкөдөн колдоо алган аскердик күчтөрдүн экөө тең "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы кармашта ийгилик жаратып, Ирактын чегине жакындап баратышат.
АКШ колдогон күрт жоочулары жана Сириянын демократиялык күчтөрү Дейр-эз-Зордун түндүгүндөгү Ракка шаарын согушкерлерден бошотууга аз калганын 20-сентябрда билдиришкен. Орусия Сириянын өкмөттүк күчтөрү күрт жоочуларынын чабуулуна кабыла турган болсо, ага дароо жооп кайтарарын АКШга эскерткен.