Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Ашхабад-2017: кикбоксчу Авазбек Аманбеков алтын медал тагынды


Байге ээлеринин урматына көтөрүлгөн өлкөлөрдүн желектери.
Байге ээлеринин урматына көтөрүлгөн өлкөлөрдүн желектери.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бүгүн, 25-сентябрда кыргызстандык беш спортчу финалга жолдомо алган. Алардын арасынан кикбоксчу Авазбек Аманбеков алтын медал тагынды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, кикбокстун фулл контакт түрүнөн 57 килограммга чейин салмакта күч сынашкан Аманбеков финалда түркмөнстандык Пиги Силабовду 3:0 эсебинде жеңип алды.

Кикбокстун лоу кик түрүнөн таймашкан дагы бир кыргызстандык Алексей Федосеев (63.5 кг.) алтын байге үчүн финалдык таймашта түркмөнстандык Мухаммед Алтыбаевге жеңилип, күмүш медал тагынды.

Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (58 кг.) күмүш байге алды. Тыныбекова алтын байге үчүн финалдык беттеште кытайлык Пей Ксинру менен таймашып, 1:4 эсебинде жеңилди.

Күжүрмөн самбодон Орозбек Автандил уулу (62 кг.) финалда түркмөнстандык Керимберди Довлетовго утулуп күмүш байге алды.

Бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн бүгүн жарым финалда жеңишке жеткен Ызатбек Ратбеков эртең, 26-сентябрда алтын байге үчүн казакстандык Алибек Омаров менен ойнойт.

25-сентябрдагы мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары бир алтын, үч күмүш байгеден сырткары жети коло байгеге ээ болушту.

Үчүнчү орунга бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Канат Сыдыков, кикбоксингдин кик лайт түрүнөн Айбек Дүйшөмбиев (69 кг.), лоу кик түрүнөн Акрам Баратов (51 кг.) жана жарым контакт түрүнөн Чыңгыз Калбаев (69 кг.), самбо боюнча Белек Бараканов (57 кг.), күжүрмөн самбодон Максат Мусабаев (+100 кг.) жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айпери Медет кызы (75 кг.) ээ болуп коло медал тагынды.

Ушул учурда Кыргызстандын эсебинде сегиз алтын, 18 күмүш жана 33 коло байге бар. Жалпы 59 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 10-катарда бара жатат. Медал алган алган өлкөлөрдүн көч башын 228 медал менен Түркмөнстан жетектейт. Түркмөнстандык спортчулар 85 алтын, 64 күмүш, 79 коло байге алышты. Алдыңкы үч команданын катарын 77 медал алган Кытай (34 алтын, 23 күмүш, 20 коло) жана 100 байге алган Иран (26 алтын, 18 күмүш, 56 коло) командасы толуктайт.

Эртең, 26-сентябрда кыргыз спортчулары грек-рим күрөшү, самбо, шахмат жана бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн мелдештерге катышат.

17-сентябрда башталган имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрда аяктайт. Мелдештер спорттун 21 түрү боюнча өтүп жатат. Ага 64 өлкөдөн жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышууда. Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу барган. (ECh).

XS
SM
MD
LG