Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

AI «Укринмашты» Түштүк Суданга курал жеткирүүгө айыптады


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Украинанын мамлекеттик компаниясын Түштүк Суданга курал жеткирүү боюнча БУУнун тыюусун бузууга аракет кылган деп айыптады.

Уюмдун маалыматы боюнча, "Укринмаш" Түштүк Суданга «миңдеген автомат, миномёт жана башка курал-жарак» сатуу аракетин көргөн.
Маалыматка караганда, «Укринмаш» согуш жүрүп жаткан Африка өлкөсүнө курал жеткирүү тыюусун кыйгап өтүү үчүн 2014-жылы Бириккен Араб Эмирлигиндеги компаниялардын бири менен кызматташкан. Бирок азырынча Түштүк Суданга жалпы суммасы 170 миллион долларды түзгөн келишимде көрсөтүлгөн куралдын бардыгы же анын бир бөлүгү гана жеткирилгени так белгисиз. Эгер куралдын аталган өлкө бийлигинин колуна тийгендиги аныкталса, бул Түштүк Суданда согуш башталган 2013-жылдан берки эң ири курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдин ашкерелениши болуп калат.

"Укринмаштын" өкүлү Юрий Кириллич «Азаттыктын» украин кызматына берген маегинде мамлекеттик компания Түштүк Суданга эч кандай курал жеткирбегенин жана андай пландары дагы болбогонун билдирди.

Amnesty International уюму белгилегендей, Украина менен Бириккен Араб Эмирлигиндеги компания куралды жеткирүү үчүн Британияда каттоодон өткөн анча чоң эмес фирманы колдонууну көздөшкөн. Укук коргоочулар ушул жана бул сыяктуу курал жеткирүү боюнча башка келишимдерге тоскоолдук кылуу үчүн Британия бийлиги эч аракет көрбөгөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG