Крым Орусия тарабынан аннексиялангандан кийин жарым аралдагы адам укуктарынын абалы кескин начарлап кетти. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат.
Анда адам укуктарынын олуттуу бузулушу катары негизсиз камоолор, кыйноолордун көбөйүшү, адам уурдоо, соттун чечими жок жазага тартуу фактылары көрсөтүлгөн.
Эксперттер Орусия бийлигинин аракеттеринен баарынан да крымдык татарлар көп жабыр тарткандыгын белгилешүүдө.
Баяндамада аннексияланган Крымдын он миңдеген жашоочусуна Орусия жарандыгы таңуулангандыгы белгиленген. Маалыматка караганда, орус жарандыгынан баш тарткандар түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Алсак, мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алынарын айтып коркутушкан.
Крымга Орусиянын мыйзамдарынын киргизилиши жарым аралдагы бейөкмөт уюмдар, ММКлар жана диний коомчулуктар үчүн кыйынчылык жараткан. Крымдын аннексиясына каршы болгондордун өз оюн эркин билдирүү, тынчтык жыйындарды өткөрүү жана дин тутуу укуктары бир канча жолу бузулган. БУУ мунун бардыгын Женева конвенциясы баштаган эл аралык нормаларды бузуу деп эсептейт.
Баяндамада бийлик Крымдагы бул адам укуктары бузулган учурларды натыйжалуу иликтей албагандыгы дагы белгиленген.