Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

БШКда илимий-эксперттик кеңеш түзүлдү


Борбордук шайлоо комиссиясында илимий-эксперттик кеңеш түзүлдү. Мекеменин маалыматына караганда, анын максаты – шайлоо системасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.

Кеңештин тутумуна Исхак Раззаков атындагы КМТУнун окумуштуу, окутуучулары Кубанычбек Мурзакматов, Игорь Зимин, Иосиф Тен, Рысбек Искаков, Жанна Баракова, Алишер Салиев, КГУСТнын доценти Турсунжан Каримбаев жана Аналитикалык борбордун жетекчиси Байыш Нурматов кирди.

Илимий-эксперттик кеңештин башкы милдети – биринчи кезекте коомдук ачык көзөмөл, ошондой эле маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) коопсуздугун жогорулатуу.

Боршайкомдон кабарлашкандай, МШС Кыргыз Республикасындагы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, анын жүрүшү жөнүндө, шайлоодо жана референдумда добуш берүүнүн жыйынытыгын чыгаруу тууралуу маалыматты таркатат.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 талапкер учурда үгүт иштерин жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG