Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Порошенко талаштуу тил мыйзамына кол койду


Петр Порошенко
Петр Порошенко

Мындан ары Украинанын мамлекеттик мектептериндеги сабактар бешинчи класстан кийин жалаң украин тилинде гана жүргүзүлүшү керек. Муну шарттаган талаштуу мыйзам долбооруна президент Петр Порошенко 25-сентябрда кол койду.

Окуучулар эне тилин өзүнчө предмет катары окуй алышат. Бирок бул өлкөдөгү поляк, румын жана венгр улутундагыларды соороткон жок. Орусия болсо өзгөртүүнү "көп улуттуу өлкөдө моноэтникалык тил режимин зордоп орнотуу" деп баалаган.

Порошенко өзгөртүү "европалык стандарттарга шайкеш жана коңшу өлкөлөр үчүн үлгү" деп моюн толгоодо. Украинада, өзгөчө орус тилдүүлөр басымдуулук кылган чыгыш бөлүгүндө тил маселеси курч.

Бул мыйзам мурдагы президент Виктор Янукович 2012-жылы кабыл алган эрежени жокко чыгарат. Анда этникалык топтун саны өзү жашаган аймакта 10% ашса аларга эне тилинде билим алууга мүмкүн эле.

XS
SM
MD
LG