Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Студенттерди Жээнбековду колдоого мажбурлады деген окуя боюнча иш козголду


Юридикалык академия
Юридикалык академия

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында КСДП партиясынын президенттикке бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөө болду деген окуяга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш иш козгоду.

Мекеменин маалыматына караганда, иш Кылмыш кодексинин 139- беренесинин (шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук жаратуу) негизинде козголду.

“Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы академиянын окутуучусу студенттер менен куратордук саат өткөрүп жатканда аларды Жээнбековго добуш берүүгө мажбурлаганын, болбосо окуудан чыгарарын айтып коркутканын, ал эми андан башка талапкерди колдой турганын айткан студент Чолпон Жээнбековага аудиториядан чыгып кетүү сунушталганын билдирип чыккан болчу.

Коалициянын бул арызын жана далил материалдарын Борбордук шайлоо комиссиясы 20-сентябрда карап чыгып, Башкы прокуратурага баа берүү үчүн жөнөткөн.

Козголгон кылмыш ишти ИИМ тергемей болду.

Интернеттеги социалдык тармактарда окуу жайлардын жетекчиликтери, мугалимдери студенттерди №2 форма менен алдын ала добуш берүүгө жана бийликтин талапкерин шайлоого мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Мындан улам борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент 7-сентябрда "Биз коркпойбуз" деп аталган флеш-моб өткөрүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG