Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Таласта жетинчи класстын окуучусу көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Таласта жетинчи класстын окуучусу көз жарды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна акыйкатчынын облустагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева билдирди.

Өспүрүм кыз азыр өз үйүндө. Эне-баланын абалы канааттандырарлык.

14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды деп 18 жаштагы жаранга өткөн айда кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Жээнчороев билдирип:

- Кыз бала менен тайкесинин айылына барып таанышкан экен. Өздөрүнүн айтымында, алар былтыр декабрь айында жыныстык катнашка барышкан. Кийин өспүрүмдүн апасы чатак чыгарып, экөөнү бир ай мурда үйлөнтүп коюшуптур. Азыр тергөө бир айга узартылды, - деп аткан.

Учурда Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулукка каршы мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ал Жогорку Кеңеште эки окууда кабыл алынган. (AlS)

XS
SM
MD
LG