Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Европалык онкологдор Кыргызстанда окуу уюштурууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

25-сентябрдан бери Ош жана Бишкек шаарларында Европа онкологиялык мектебинин адистери атайын семинар жана жолугушууларды өткөрүп жатышат.

Аталган мектептин директору, Швейцариянын Онкология институтунун профессору Франко Кавалли баштаган дарыгерлер Ошто эмчек безинин рагы диагнозу коюлган аялдар менен жолугушуп, суроолорго жооп берүүдө.

Европалык догдурлар аялдардын эмчек рагын алдын алуудагы скрининг ыкмасын жайылтуу боюнча адистерге лекция окуп жатышат.

Бул иш-чараны "Эргене" коомдук фонду менен "Раксыз жашоо" кыймылы уюштурду. "Эргене" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекованын "Азаттыкка" билдиришинче, Ошто алгач ирет иммуногистохимиялык залал шишикти аныктоочу лаборатория да ачылууда.

Кыргызстанда Улуттук онкология борборунда каттоодо тургандардын саны 24 миңдин тегерегинде экени айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG