Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Бишкекте балдарга карата зомбулукка каршы форум-театр өтөт


Бишкектеги театр фестивалынан көрүнүш. Иллюстрация.
Бишкектеги театр фестивалынан көрүнүш. Иллюстрация.

Бул тууралуу Бишкектеги “Балдарды коргоо борбору” бейөкмөт уюмунун маалымат кызматкери Бермет Алишева “Азаттыкка” билдирди. Иш-чара 29-сентябрь күнү Бишкектин Дордой жаңы конушундагы №94-мектебинде өтөт.

Форум-театрда кыштактагы балдар ата-энелери менен чогуу балдарга карата ар кандай зомбулук сценаларын көрсөтүп, андан сабак алуунун жолдорун талкуулашат. Алардан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, жалпы 100дөй киши катышат.

Иш-чара балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча маалыматтарды жайылтуу жана ага коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт.

Форум-театр - бул профессионал эмес адамдар ойногон, сахналаштырылган көрүнүшкө көрүүчүлөр аралашкан театрдын социалдык түрү. Пьеса ойнолуп жаткан учурда туура эмес болгон жерден аны көрүүчү токтотуп, көйгөйдү чечүү үчүн мамилелер кандай жол менен жүрүшү керектиги тууралуу өз оюн айтат, керек болсо өзү да сахнага чыгып аткарат. Муну менен маселеге көрүүчүлөрдү да тартып, көйгөйгө көңүл бурулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG