Орусия президенти 26-сентябрда Нижегород облусун 2005-жылдан бери башкарган Валерий Шанцевди кызматтан алды. Кремлдин расмий сайты кабарлагандай, анын ордуна өлкөнүн соода жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеп келген, 40 жаштагы Глеб Никитин дайындалды.
Бир күн мурда эле Самара облусунун губернатору да алмаштырылган болчу.
25-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары атын атагысы келбеген Кремлге жакын адамга таянып, дагы бир топ аймактардын жетекчилери жакынкы күндөрү кызматтарынан алынарын жазып чыгышты. Анын ичинде Иваново, Мурманск, Новосибирск жана Омск облустары, Красноярск, Алтай крайлары, андан тышкары Ненецк автоном округу бар.
Өзгөртүүлөр 2018-жылдын жазындагы президенттик шайлоого байланыштуу дешет. Владимир Путин төртүнчү ирет президенттикке барары күтүлүүдө. Ал өзү шайлоого катышар-катышпасын билдире элек.