Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

2018-жылы Орусия Фейсбукту чектеши ыктымал


Александр Жаров
Александр Жаров

Фейсбук орусиялык колдонуучуларынын персоналдык маалыматтарын көчүрүп келбесе, эмки жылдан тарта Орусияда иши чектелиши ыктымал. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттигине Роскомнадзордун жетекчиси Александр Жаров билдирди.

Ал ошондой эле 2017-жылы бул түйүндү текшеришпесин, мыйзамга шайкештик талабы эмки жылдан тарта коюларын белгиледи.

Персоналдык маалыматтар боюнча мыйзам Орусияда 2015-жылы кабыл алынган. Аны бузган онлайн-ресурстарга көзөмөл комитети чек кое алат. Маселен, 2016-жылы чет элдик ири LinkedIn социалдык сайтына бөгөт коюлган.

Жаровдун талабы Фейсбуктун ээси Марк Цукербергдин билдирүүсүнөн аз өтпөй айтылды. 21-сентябрда Цукерберг Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөнү колдоорун билдирген. Буга улай сайтына АКШ шайлоосуна оро-пара орусиялыктар чыгарган 3 миңдей жарнаманы Конгресске жана күч түзүмдөрүнө өткөрүп берерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG