Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Ашхабад-2017: Кыргызстандын спортчулары беш алтын медал утту


Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн алтын медал тагынган Ызатбек Ратбеков. 25-сентябрь, 2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.
Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн алтын медал тагынган Ызатбек Ратбеков. 25-сентябрь, 2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында 26-сентябрда Кыргызстандын спортчулары беш алтын, эки күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту.

Мелдештердин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бул күнү кыргыз спортчулары грек-рим күрөшү, самбо, шахмат, спорттук бий жана бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн мелдештерге катышты.

Алтын байгелерди бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Ызатбек Ратбеков, спорттук бийден Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (59 кг.), самбочу Жамалбек Асылбек уулу (82 кг.) жана күжүрмөн самбодон Жаныбек Аматов (90 кг.) алды. Күмүш байгелерге грек-рим күрөшчүлөрү Атабек Азизбеков (80 кг.) менен Үзүр Жусупбеков (98 кг.) ээ болду. Коло медалдарды спорттук бийчилер Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, самбочу Арсен Камчыбеков (62 кг.) күжүрмөн самбочулар Мухаметали Эргешев (52 кг.) жана Алайбек Үмөтов (68 кг.) тагынышты.

Азырынча Кыргызстандын эсебинде 70 медал бар. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш жана 37си коло. Медал алган өлкөлөрдүн катарында учурда Кыргызстан 8-орунга көтөрүлдү.

Негизинен кыргызстандык спортчулар бул оюндардагы мелдештерин жыйынтыктады. Эртең, 27-сентябрда Кыргызстандын командасы шахматтын блиц түрүнөн ойнойт.

Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 17-сентябрда расмий түрдө ачылган. Ага Азия жана Океания чөлкөмүнөн 64 мамлекеттен жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулду.

Бул мелдешке Кыргызстандан 153 адам спорттун 17 түрүнөн байге үчүн ат салышты.

Эртең, 27-сентябрда кечке маал оюндардын расмий түрдө жабылыш аземи болот. (ECh).

XS
SM
MD
LG