Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

АКШ Түндүк Кореяга санкцияларды кеңейтти


Ракета сыноо учуру. 6-сентябрь, 2017-жыл
Ракета сыноо учуру. 6-сентябрь, 2017-жыл

"Кара тизмеге" түндүк кореялык сегиз банк, өлкөнүн каржы системасына тиешеси бар 26 адам кирди. Алар Түндүк Корея банктарынын Кытайдагы, Орусиядагы, Ливиядагы жана Араб эмираттарындагы өкүлдөрү.

АКШнын каржы министри Стивен Мнучин бул кадамдар Корей жарым аралында өзөктүк куралсыз аймак түзүү максатында Түндүк Кореяга басым кылуу аракетинде жасалып жатканын билдирди.

Мурдараак Вашингтон расмий Пхеньяндын АКШ Түндүк Кореяга согуш жарыялады, эми чек арадан байкалган америкалык аскер учактарын атып түшүрүүгө укуктуу деген билдирүүсүн сандырактык деп атаган.

Сентябрь айынын башында Түндүк Корея алты баллистикалык ракета учуруп, сынаган. Бул БУУнун резолюциясына каршы келет. Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяга карата санкцияларын катаалданткан.

XS
SM
MD
LG