Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:11

Милиция кызматкерлерин 26-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы конушу менен куттуктап, батирлердин ачкычын тапшырды.

Мамлекет башчы өлкөдө жети жыл аралыгында милицияга, күч түзүмдөрүнө карата мамиле түп-тамырынан өзгөргөнүн белгилеп, аскер кызматкерлери, милиционерлер, чек арачылар, куткаруучулар үчүн үйлөр курулуп жатканын айтты.

Президент Атамбаев өз сөзүндө тартип сакчылары үчүн оор мезгилди - мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбаган учурду эске салып, жети жылдан берки аралыкта милиционерлердин айлык акысын жогорулатууга, турак жай куруп, аларга социалдык колдоо көрсөтүүнүн башка маселелерин чечүүгө мүмкүн болгонун баса белгилеп кетти.

Өлкөнүн кийинки жетекчилиги укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча бул масштабдуу ишти улантат деген ишенимин да билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы үйдүн короосунда балдар аянтчасын курууга берилүүчү каражаттын сертификатын да тапшырганын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашты.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы эки жылда аскер жана милиция кызматкерлери үчүн 1852 батирлүү 59 үй курулган. Ушу тапта 1741 батирлүү 40 объекттин курулушу жүрүп жатат. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG