Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Тажикстанда жол кырсыгынан кийин автоматтар жоголду


Тажикстанда милиция кызматкерлери Зерафшан дарыясына чөгүп кеткен чек арачылардын “Нива” автоунаасындагы Калашников автоматтарын издеп жатат. Өткөн аптада автоунаада бараткан чек арачылар кырсыкка учураган.

Хайробод районунун прокурору Азизмурод Сабыров авария “Нива” автоунаасынын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам болгонун билдирди.

"Мадруштак айылындагы аскер бөлүгүнүн чек арачылары Хайробод айылын көздөй баратышкан. Ашуудан “Нива” унаасынын мотору күтүүсүз өчүп калып, артка кеткен. Айдоочу жана төрт чек арачы машинадан секирүүгө үлгүргөн. Жүргүнчүлөрдүн бири чыга албай калып, чөгүп кеткен”, - деп билдирди район прокурору.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык штабдын кызматкерлери “Ниваны” дарыядан алып чыгышкан, бирок жүргүнчүнүн сөөгү менен жети автомат табылган жок. Издөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG