Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Диссидент өзбек жазуучусу Түркиядан мекенине кайтууну чечти


Нурулла Атаханов (Нурулло Отаханов, толугураак - Нуруллох Мухаммад Рауфхон).
Нурулла Атаханов (Нурулло Отаханов, толугураак - Нуруллох Мухаммад Рауфхон).

Бозгундагы өзбек жазуучусу Нурулла Атаханов (өзбекче - Нурулло Отаханов, толугураак - Нуруллох Мухаммад Рауфхон) мекенине кайтып келүүнү чечти.
63 жаштагы жазуучу акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан. Ал Шавкат Мирзиёев чет өлкөдөгү мекендештерин өлкөгө чакыргандан кийин Ташкентке келүүгө бел байлаганын билдирди.

Түркияга ал эки жыл мурун Ferfir басылмасынын чакыруусу менен келген.

‒ Бул басылма жаңы китебимдин бет ачарына катышуу жана окурмандар менен жолугушуу үчүн чакырган. Бул иш-чараны өткөрүү кийинкиге жылып, бир нече убакыт Түркияга калууга туура келди. Бул аралыкта “Бул күндөр” аттуу китебим жарык көрдү, анда Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки өнүгүүсү сынга алынган. Ушул китеп чыккандан кийин маселелер жаралды. Көптөгөн досторум Өзбекстанга кайтпай турууга кеңеш беришти, ‒ деди жазуучу.

2013-жылы жазуучу белгисиз себептерден улам "Мавенраннахр" ( «Мовароуннахр») басма үйүнүн директорлугунан жана «Хидоят» журналынын жооптуу редакторлугунан бошотулган.

Быйыл августта өзбек президенти Шавкат Мирзиёев диний уюмдардын бир нече миң мүчөсү менен диссиденттер мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда түзүлгөн "кара тизмеден" чыгарыла тургандыгын жарыялаган. Нурулло Атаханов дал ушул чечим мекенине кайтууга түрткөнүн баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG