Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Сары-Челек коругунда израилдик турист изделүүдө


Сары-Челек коругундагы эс алуучулар. Иллюстрация
Сары-Челек коругундагы эс алуучулар. Иллюстрация

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек коругуна Израил мамлекетинин жараны кирген боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Майя Шаимкулова “Азаттыкка” билдирди.

22 жаштагы кыз 23-сентябрь күнү корукка киргени тууралуу айтылган, бирок анын жоголгону жөнүндө кабар 26-сентябрда ӨКМге келип түшкөн. Кечээ түштөн кийин издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучусу жолго чыгып, кечки саат 20:00 чамасында Сары-Челек коругунун адисинин үйүнө жетип, ошол жерде түнөп калышкан. Бүгүн алар издөө иштерин баштады.

Ал эми Сары-Челек коругунун башчысы Эсенали Ормоналиев алардын 20дай аңсакчысы турист кызды эки күндөн бери өз алдынча издешкенин, бирок табылбагандыктан милицияга жана ӨКМге кабар беришкенин билдирди. Ормоналиев кабарлагандай, израилдик туристтер төртөө корукка кирип, бирөөнүн буту чыгып кетип, экөө ошо менен алагды болуп калганда төртүнчү кыз адашып кеткен.

Аксы районунун аймагындагы Сары-Челек биосфералык коругунун аянты 24 миң гектарды түзөт. ЮНЕСКОнун тизмесине кирген жайга чет жактан жылына кеминде 5 миңдей турист келет. Жалпы саякатка келгендердин саны 20 миңге чукулдайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG