Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Мигранттардын жашоосун чагылдырган фотокөргөзмө ачылды


Мигранттарга арналган фотокөргөзмөдөгү сүрөттөр
Мигранттарга арналган фотокөргөзмөдөгү сүрөттөр

Бул тууралуу Борбор Азиядагы Америка Университетинин (АУЦА) Тянь-Шань аналитикалык борборунан кабарлашты. Ал Борбор Азиядагы миграция боюнча эл аралык уюм менен бергеликте буга чейин жарыялаган “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган фотоконкурсту жыйынтыктап, анда жеңген эмгектерди сүрөт көргөзмөгө коюшту.

Жалпы мыкты жана салыштырмалуу жакшы деп саналган 40 фотосүрөт топтому сунушталууда. Аны Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдүн фотографтары тартышкан. Фоточыгармаларда мигранттардын түйшүгү, куугунтукка алынышы, камакка алынган учурлары, ач калган, ток жүргөн учурлары, караңгы, тар үйлөрдө жашаганы, иш учуру, жолдогу азаптары жана ушул сыяктуу көрүнүштөр чагылдырылган.

Сынак профессионалдар жана үйрөнчүктөр арасында эки номинацияда өткөн. Катышуучулардын арасында белгилүү жана белгисиз сүрөтчү-фотографтар Эльер Нематов, Дидор Садуллоев, Диана Миндубаева, жазуучулар Ермек Турсунов, Нафиса Абдуллаева жана студенттер Алмазбек Дүйшөбаев, Рахат Сагынбек кызы бар.

Көргөзмө миграция темасына коомчулуктун көңүлүн буруу жана мигранттардын укуктарын коргоо боюнча агартуу максатын көздөйт. Сүрөттөр буга чейин Алматы жана Астана шаарларында коюлган. Бишкектен кийин Дүйшөмбү, Ташкент сыяктуу Борбор Азиянын башка ири борбор шаарларында уланат. Саамалык Бишкекте эки аптага созулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG