Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Ташкентте кыргыз-өзбек экономикалык кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстан менен Өзбекстандын экономика министрлеринин жолугушуусу. Ташкент, Өзбекстан
Кыргызстан менен Өзбекстандын экономика министрлеринин жолугушуусу. Ташкент, Өзбекстан

Ташкент шаарында Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Өзбекстандын тышкы соода министри Элер Ганиев жолугуп, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты.

Сүйлөшүүдө тараптар буга чейин президенттер кол койгон келишимдердеги экономикалык жана соода алкаларын жакшыртуу боюнча пунктарды аткаруунун практикалык аспектилерин талкуулашты.

Эки министр ошондой эле жакын арада Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес форумун жана кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү боюнча да макулдашты. Анын алкагында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга пландалып жаткан сапары жөнүндө да сөз болду. Мындан сырткары эки тарап кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын куруу тууралуу да келишимдерге жетишти.

5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган. Бул келишимде мындан сырткары экономикалык жана башка багыттар боюнча ымала тууралуу да жазылганы айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG