Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

"Мегаком" маселеси парламентте каралды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун “Мегаком” уюлдук компаниясынын сатууга даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалымат угулду.

Фонддун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев баяндама жасап, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунун негизинде “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (“Мегаком” компаниясы) менчиктештирилген объектилердин тизмесине кирерин белгиледи. Жалпы жонунан “Мегаком” беш жолу сатыкка коюлуп, ар кандай себептерден улам ишке ашпаганын айтты.

Натыйжада түз сатуу маселеси коюлуп, кечээ Орусия жаранынан аны сатып алуу боюнча арыз түшкөн. Тиешелүү комиссия арыз берген Орусия жараны менен мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча чечим кабыл алган.

Мамлекеттик мүлк фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашкандай, "Альфа Телеком” ишканасын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирип, орусиялык жаран Елена Нагорная кайрылган. Ал ишкананын 100% акциясын сатып алууга кызыкдар болууда.

Бүгүнкү жыйында айрым депутаттар ишкананы сатуу туура десе, кээ бирлери буга чейинки кылмыш иштерди эске алуу менен кылдат мамиле кылуу керектигин белгилешти. (RK)

XS
SM
MD
LG