Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Президент Атамбаев: шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт


Президент Алмазбек Атамбаевдин Токмок шаарында эл менен жолугушуусу
Президент Алмазбек Атамбаевдин Токмок шаарында эл менен жолугушуусу

Мындай пикирин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 26-сентябрда Токмокто Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын активи менен жолуккан учурда билдирди.

“Суроо-жооп” форматында өткөн кездешүүдө тургундардын шайлоо тууралуу суроосуна президент Алмазбек Атамбаев “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгиледи. Ал студенттерди бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлаган Бишкектеги окуу жайлардын биринде болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгонун айтты.

Президент шайлоолор таза жана ачык өтүшү үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп, алардын жыйынтыктарын жарандар түздөн түз эркин добуш берүү жолу менен аныктоого тийиш экендигин баса белгиледи.

Жолугушууда мындан башка аймактагы мектептердин курулушу, Токмок шаарын жылуулук жана газ менен камсыздоо сыяктуу суроолор да берилди.

Буга чейин бийликтин талапкеринин пайдасы үчүн административдик ресурс колдонулуп жатканы боюнча арыз-даттануулар болгон. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткендеги сапары учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков ага эскертүү берип, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошоткон. 26-сентябрда болсо Ошто Жээнбековдун штабында “биометрикалык маалыматтар чогултулуп жатканы” ачыкка чыкты. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG