Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Украинада аскерий кампалар жарылып, он миңдеген адам эвакуацияланды


Аскерий кампалардагы жарылуу учурундагы көрүнүштөрдүн бири. 27-сентябрь, 2017-жыл.
Аскерий кампалардагы жарылуу учурундагы көрүнүштөрдүн бири. 27-сентябрь, 2017-жыл.

26-сентябрдын кечинен тарта жарыла баштаган аскерий кампалар Винници шаарынын жанындагы Калиновка деген райондо жайгашкан.

Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, кампалардагы снаряддардын жарылуусунунун толкуну Калиновка райондук администрациясы жайгашкан имараттын айнектерин да күбүп салды. Ал жерге жарылууларды жана өрттү токтотуу боюнча кризистик штабдын адамдары чогулган эле.

Бийликтер Калиновкада электр кубатын үзүп, газ түтүктөрүн жаап, жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн кетүүнү да буюруду. Азыркыга чейин расмий маалыматка караганда 24 миңдей адам эвакуацияланды.

Күбөлөрдүн айтымында, катуу жарылуулардын үнү ал жерден 260 чакырым алыстыктагы Киевден да угулуп турду.

Украин премьер-министри Володимир Гройсмандын билдиргенине караганда, бул инциденттин артында сырткы факторлор турат.

Украин ички иштер министринин кеңешчиси Зориян Шикирярдын Фейсбук баракчасында жазганына караганда, “бул Орусиянын душманчыл саботажы”.

Шикиряр ушуну менен Калиновкада аскерий кампалар жетинчи ирет өрттөнүп жатканын да кошумчалады.

Жарылууларга байланыштуу 50 чакырым радиустагы аба мейкиндик жабылды.

Орусиялык ТАСС агенттигинин кабарына караганда, өрттү өчүрүү үчүн 1200дөй адам иштеп жатат.

Украинанын Улуттук гвардиясы адамдарды эвакуациялоо, алардын үй-мүлкүн коргоо үчүн аймакта 600дөй аскерин жайгаштырды. (UE)

XS
SM
MD
LG