Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Бишкек мэри Албек Ибраимов жол кирени көтөрүүнү сунуштады


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов 27-сентябрда Бишкек шаарынын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча программаны талкуулаган жыйында билдирди. Анын пикиринде, Бишкектеги жол акыларды кымбаттатпаса, каттамдар өзүн актабай жатат.

“Айдоочулар бензинин жана башка чыгымдарын жаап иштеши үчүн, коомдук транспорттордо жол акыны 12 сомго чейин көтөрүү керек. Антпесе алардын жумушу өзүн өзү актабай жатат. Бирок биз жол акыны көтөрүү менен беш категориядагы жарандардын тобуна жеңилдик берип, бекер жүрө турган кылабыз”, - деди мэр Ибраимов.

Кыргыз улуттук китепканасында өткөн жыйында ал ошондой эле шарты Кыргызстандын шартына окшош КМШнын башка мамлекеттеринде коомдук транспорттордо жол кирелер кымбат экенин, кыргыз акчасы менен эсептегенде 18-35 сомго туура келерин белгиледи. Мэр мындай сунушун декабрь айында Бишкек шаардык кеңешине алып чыгарын жана депутаттардын талкуусуна коюларын айтты.

Бишкек шаарында ушул тапта кичиавтобустук каттамдарда жол акы он сом, автобус жана троллейбустарда сегиз сом. (ErN)

XS
SM
MD
LG