Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Литва Грузиянын атын өзгөртөт


Грузия парламентинин Тбилисидеги имараты. 25-февраль, 2015-жылкы сүрөт.
Грузия парламентинин Тбилисидеги имараты. 25-февраль, 2015-жылкы сүрөт.

Литва парламентинин спикери Сеймас Викторас Пранцкетистин билдиргенине караганда, 2018-жылдан тарта Грузиянын алардагы расмий аты “Сакартвело” болот. Ал муну расмий Вильнюстун грузин элине “чоң белеги “ деп мүнөздөдү.

Жакында Тбилисиге барып келген Литва парламентинин төрагасынын айтымында, “грузиндер Грузия деген сөздү жактырышпайт, алар өлкөсү Сакартвело деп аталышына артыкчылык беришет”. Сакартвело грузиндер мамлекетин өздөрү атаган ысым.

Мурдагы постсоветтик мамлекеттердей эле Литва буга чейин Грузия деген аталышты колдонуп жүргөн.

Грузин өкмөтү 2011-жылдан бери эле “дос өлкөлөрдөн” алардын мамлекетин расмий Жоржия деп атоону суранып келет.

Грузин бийликтери Грузия деген ысымды орус империясынын 200 жылдык башкаруусунун мурасы, мунун ордуна “Жоржия” (Georgia) “заманбап” ысым деп санашат.

2011-жылы Грузиянын расмий атын Жоржия деп өзгөрткөн алгачкы өлкө Түштүк Корея болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG