Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Бабанов үчүн добуш сатып алуу аракети болгон деген окуя боюнча иш козголду


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо үчүн Ош шаарынын тургунуна акча сунуштаган деп шектелген эки жаранга кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өздөрүн Анвар жана Манап деп тааныштырган адамдар жергиликтүү тургунга кайрылып, эгер алардын талапкерин колдосо эки миң сом берерин айтышканын мекемеге Ош шаарынын жашоочусу билдирип, арыз жазган.

Бабановдун штабы азырынча бул боюнча кмомментарий тарата элек.

Иш Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. Кылмыш ишин кароо 3-октябрга дайындалды. Акча сунуштаган жарандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы же 300 миң сомго чейин айыппулга жыгылышы мүмкүн.

Башкы прокуратура мындан сырткары Бишкек шаарындагы добуш сатып алуу аракети деген маалымат боюнча “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын штабынын эки мүчөсүнүн үстүнөн келген арызды Свердлов райондук сотуна жөнөттү. Партиянын өкүлдөрү шайлоочуларды табуу үчүн башка жаранга эки миң сом акча сунуштаган деп билдирет прокуратура. (ErN)

XS
SM
MD
LG