Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Орусияда кыргызстандык кыз маңзат сатууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу орусиялык "Вечерняя Москва" (vm.ru) басылмасы Москванын түштүк-чыгыш округдук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Ольга Егоровага таянуу менен жазып чыкты. Егорова билдиргендей, Выхино-Жулебино районунун полиция бөлүмүнө ушул эле райондо белгисиз жаран баңгизат таратып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында кыргызстандык жаранды кармашкан.

Жашы айтылбаган кыргызстандык кыз алгач интернетке кулактандыруу берип, сатып алуучулар анын банктык картасына акча которгондон кийин ал маңзатты көчөдө бир жерге бекитип, анын сүрөтүн кардарына жөнөтүп иштечү деп айтылууда. Акыркы жолу 100 грамм маңзатты Привольная көчөсүнө бекитип жаткан учурда аны полиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн. Маңзатты эксперттер текшерип, героин экенин аныкташкан.

Кыргызстандык кызга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG