Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Аксынын кайык менен каттаган айылына көчмө урна жеткирилет


Нарын дарыясынан кайык менен өтүп каттаган электр энергиясы жок Кызыл-Бейит айылында президенттик шайлоодогу добуш берүү көчмө урна аркылуу уюштурулат. Бул тууралуу район акими Масалбек Мырзамамытов “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Айылда 90го чукул шайлоочу катталган, бирок шайлоо участогу уюштурулган эмес. Жакынкы участок бир топ алыс орун алган жана суудан өтүүгө туура келет. Ошол себептүү көчмө урна иштейт.

Ал эми өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков Кызыл-Бейит, Разан-Сай айылынын тургундары үчүн Разан айылында шайлоо участогу уюштурулгандыгын билдирди.

- Жакынкы айылдардын тургундарына суудан өтүүдө ӨКМ кызматкерлери менен бирдикте кайыктар уюштурулуп жатат. Бул участокто жалпы 300дөн ашык шайлооочу катталган, - деди Ызабеков.

Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин Кызыл-Бейит Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.

Учурда бул айылда 70тен ашык түтүн бар, анда болжол менен 300гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюлдук байланышы дагы жакшы тартпайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG