Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Акыйкатчы абактагы 26 адамдын абалын кыйноо менен салыштырды


Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы камактагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу аракетин көрүп жатып алардын башка укуктарын бузууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна өлкөнүн акыйкатчысынын орун басары Эрлан Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында жаткан 26 адамды тергөө абагына которуу убактысы эбак келгенине карабастан №1 тергөө абагынын жетекчилиги аларды паспортунун түп нускасы жана биометрикалык каттоосу жок деген негизде кабыл албай жатат:

- Албетте, камактагылардын шайлоо укугун камсыз кылабыз деп башка укуктарын бузган болбойт.

Алимбаевдин айтымында, мыйзам боюнча милициянын убактылуу кармоочу жайында адамдарды 48 сааттан ашык кармоого болбойт. Бирок ал жакта август айынан бери тергөө абагына которулбай жаткандардын саны өсүүдө. Акыйкатчынын орун басары мындай мамилени кыйноого барабар көрүнүш деп атады.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова бул боюнча “Азаттыкка” комментарий берип:

- Биометрика бизде проблема эмес. Албетте, таптакыр документи жок болсо биз ала албайбыз. Себеби ар кандай болуп калышы мүмкүн, кээ бирлери таптакыр башка атты айтып коюшу ыктымал, - деп жооп берди.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 адам талапкер болуп, үгүт иштерин жүргүзүүдө. Эки жылдан бери өлкөдө шайлоолор жарандардын биометрикалык каттоосунун негизинде жүргүзүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG