Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Сары-Челекте жоголгон израилдик тургунду издөөгө алтымыш адам тартылды


Израилдик Хилла Ливне 25-сентябрдан бери белгисиз
Израилдик Хилла Ливне 25-сентябрдан бери белгисиз

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, Сарчы-Челек коругунда дайынсыз болуп жаткан израилдик Хилла Ливнени издөөгө ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10, Сары-Челек коругунан 5 кызматкер, Аксы РИИБден 23 кызматкер жана 15 жергиликтүү тургун тартылды. Учурда издөө иштери уланып жатат.

Бул арада 7 куткаруучу атайын даярдалган 2 ит менен 27-сентябрь күнү саат 16:00дө Ош шаарынан жөнөп кетишти.

23-сентябрда Израил мамлекетинен турист катары Сары-Челекке келген 1993-жылы туулган жаран бутунан жаракат алып, аларды Сары-Челек коругуна жөнөткөн фирмага 24-сентябрда кабар берген. 25-сентябрь күнү саат 11:30дар чамасында Кызыл-Туу айылдык ооруканасына алып келинип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан ары Кербен шаарындагы Аксы райондук ооруканасына жеткирилгенде, анын шериги, 1995-жылы туулган Хилла Ливне да тоонун башында калып кеткенин билдирген.

Ал эми Сары-Челек коругунун башчысы Эсенали Ормоналиев алардын 20дай егери турист кызды эки күндөн бери өз алдынча издешкенин, бирок табылбагандыктан милицияга жана ӨКМге кабар беришкенин билдирди. Ормоналиев кабарлагандай израилдик туристтер төртөө корукка чыгып, бирөөнүн буту чыгып кетип, экөө аны менен алагды болуп калганда, төртүнчү кыз адашып кеткен.

Израилдин Казакстандагы элчисинин орун басары, Алматыдагы консул Ариэл Браверман издөө иштерине тик учак тартуу өтүнүчү менен чет элдик дипломаттарга жана Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн атташесине кайрылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG