Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Өзбекстанда Акматжон Адылов көз жумду


Акматжон Адыловду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда тартылган сүрөт. 27-сентябрь, 2017-жыл.
Акматжон Адыловду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда тартылган сүрөт. 27-сентябрь, 2017-жыл.

Адылов 92 жаш курагында дүйнөдөн өтүп, бүгүн акыркы сапарга узатылганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маркумдун кичи мекени - Наманган облусунан журналист Шараф Убайдуллаев кабарлады.

1974-1984-жылдардын аралыгында ал кездеги СССРдин жана Өзбек ССРнин Жогорку кеңешинин депутаты болгон Акматжан Адылов кийин союздук деңгээлдеги ири коррупциялык иштин фигурантына айланган.

Бул антикоррупциялык өнөктүк 1980-жылдардын соңундагы советтик лидер Михаил Горбачевдун “кайра куруу” дооруна туш келген.

“Өзбек иши” деп атыккан өнөктүктүн алкагында Орусия менен Өзбекстанда кызмат адамдарына каршы 800дөй кылмыш иши козголуп, 4000ден ашуун киши, анын ичинде мурдагы советтик лидер Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССР ички иштер министринин орун басары болгон Юрий Чурбанов да камакка алынган.

1991-жылы, СССР кыйраган кезде сотту күтүп жаткан Акматжон Адылов тергөө абагынан бошотулган. 1992-жылы акталып, бирок акча уурдаган деген айып менен бир жылдан кийин кайра төрт жылга түрмөгө кесилген. Адыловдун түрмө жазасы кийин башка айыптардын негизинде бир нече жолу узартылып, ал 2008-жылы 83 жаш курагында гана эркиндикке чыгарылган. (UE)

XS
SM
MD
LG