Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Трамп "Фейсбукту" жана маалымат каражаттарын айыптады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп "Фейсбук" жана айрым басылмаларды өзүнө каршы кутум кылган деп айыптоодо

"Твиттердеги" баракчасында Ак үйдүн башчысы соцтармактар дайыма ага каршы чыгып, өзү тууралуу ушактарды таратып келгенин белгиледи. Трамп бул жолу да The New York Times жана The Washington Post гезиттерин атап, буларды өзүнө каршы "жашыруун сүйлөшүп алышкан" деп билдирди.

Трамптын бул билдирүүсү "Фейсбуктун" башчысы Марк Цукербергдин АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүү ыктымалдыгын айтып чыккандан кийин пайда болду. Цукербергдин сөзү боюнча, Москва шайлоо өнөктүгү учурунда саясий жарнама үчүн акча төлөп, Орусия менен байланышы бар аккаунттар үгүт үчүн 100 миң доллардын айланасында акча сарпташкан.

Цукерберг Кремлдин АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтөөдө Конгресс менен кызматташууга убада берди. Ал соцтармактар чет мамлекеттердин башка өлкөнүн шайлоосуна кийлигишүүсүн толук токтото албасын белгилеп, бирок таза шайлоону камсыз кылуу үчүн аракеттер көрүлөрүн билдирди.

АКШда Орусиянын өткөн жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Августтун башында атайын прокурор Роберт Мюллер "орусия изин" иликттөөгө сот кеңешчилеринин ири коллегиясын чакырган.

Москва АКШнын президентин шайлоого тиешеси жоктугун белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG