Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Ислам дининин светтик мамлекеттеги орду талкууга алынат


kyrgyzstan hidjab banner
kyrgyzstan hidjab banner

28-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында «Азыркы светтик мамлекеттеги ислам» деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция ишин баштайт. Анда мусулман коомчулугундагы мамилелерди светтик мамлекетке шайкеш келтирүүнүн жолдору талкууга алынат.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Жыйында негизинен мамлекет менен диндин кызматташуу тажрыйбалары менен алмашуу; радикалдашууга бөгөт коюу максатында улуттук маданияттын өз алдынчалыгын сактоо; исламды саясатташтырууга жол бербөө сыяктуу темалар көтөрүлөт.

Ошондой эле бул жыйындын алкагында мамлекеттер аралык диалогду жана диний чөйрөдө кызматташууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, исламдын азыркы светтик мамлекеттердеги ролу тууралуу декларация кабыл алынуусу күтүлүүдө.

Жыйынга 19 мамлекеттин дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери, эл аралык кадыр-барктуу уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү белгилүү эксперттер, ислам таануучулар катышат. Форум ишин 29-сентябрда жыйынтыктайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG