Бүгүн өкмөт башчынын катышуусунда "2018-жылдын мамлекеттик бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжол жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууга алынат. Өкмөттүн жыйынында республикалык бюджет тууралуу баяндаманы каржы министри Адылбек Касымалиев жасайт.
Мындан тышкары кышка даярдык маселеси да талкууланат. Бул маселе боюнча Энергетика, өнөр жай жана кен байлыктарын пайдалануу комитетинин жетекчилери маалымат беришет.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан "Азаттыкка" маалымдашты.
Каржы министрлиги 2018-жылкы мамлекеттик бюджетте социалдык тармакка артыкчылык берилерин маалымдаган. Ага ылайык, бул тармакка келерки жылы 89,1 млрд сом сарпталат. Бул быйылкы жылга караганда 4,6 млрд сомго көп.
2016-2020-жылдары мамлекеттик бюджеттеги социалдык тармактын үлүшү 50 пайыздан кем болбойт деп айтылган.(ZKo)