Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Ишкерлер Кыргызстандын "жашыл экономикасын" талкуулашат


28-сентябрда ишкерлер Экономика министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер менен чогуу "Жашыл экономиканы каржылоо: азыркы учур, үмүттөр" деп аталган темада талкуу өткөрүшөт.

Анда айлана-чөйрөгө этият мамиле кылууга багытталган экономиканы өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын каржы булактары, мүмкүнчүлүктөр, жергиликтүү бизнести өркүндөтүүдө каржы маселесин чечүү тууралуу сөз болот. Мындан тышкары бул тармакты өнүктүрүүгө бут тоскон маселелер козголот. Талкууга банк өкүлдөрү да катышып, "жашыл" экономикага өтүүдө банктардын салымы тууралуу айтып беришет.

Ошондой эле ишкерлер өлкөдө "жашыл экономиканы" өнүктүрүүдө чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Монголиянын тажрыйбасын колдонуу боюнча да сөз кылышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG